• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Депутат көл жээгинде жүргөн скутерлерди иретке келтирүү керектигин айтты

15 Бугу 202413:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ысык-Көлдөгү пансионаттарда көл жээгинде жүргөн скутерлерди иретке келтирүү маселесин көтөрдү.

«Ысык-Көлдө жай мезгилинде жашоочулар, туристтер эс алып жаткан учурда ар бир пасионатта көл жээгинде скутерлер жүрөт. Ошолорду бир иретке алып келүү керек. Себеби айдап жүргөн адам ошол жерде эс алып жүргөндөрдү сүзүп кетип, адам өмүрүн алган учурлар болду. Башка өлкөлөрдө баары бир жерде экен» , — деди депутат.

Количество просмотров: 96