• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошто Матраимовдун спорт клубунун балдары атышты

23 Аяк оона 2019 11:27 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда ЕРЕМ спорт клубунун балдары атышты. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Ыдырыс Исаков өздүк баракчасына жазды.

Ошту бандиттер байырлап алган десе ишенбейсиңер. Мага жеткен маалыматка караганда кече Кара-Суунун Фуркат айылында атыш болуптур. Ош шаардык спорт комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын кызматкери, Раим Матраимовдун өкүл баласы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткенин өзүмдүн булактарым ырастап жатышат. Ишти карап аткан Ош облустук милициясы эртеден бери телефон көтөрө элек. Бул арада мурдарак Канжар Кадыралиев иштеткен саунанын күзөтчүлөрүн сабаган Бектолот Абдылда уулу кылмышты өзүнүн мойнуна алып жатат деген кабар келди. Чынында эле Бекболот Абылда уулун Кылыч Саркарбаев машыктырып жүргөн эле. Азыр Төлөгөн Рахманберди уулу Ош облустук ооруканасында жатат деген маалымат бар. Буга чейин маалымат каражаттарында Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу экс-министр Конгантиевдин уулунун башын жара чапкан деген маалымат тараган, -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган спорт клуб мурдагы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, коомдо «Райым миллионнер» аты менен белгилүү Райымбек Матраимовго таандык экени айтылган.

Количество просмотров: 2863