Жогорку кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети «Белизгейт» боюнча маселени жабык режимде карашууда. Бул тууралуу ЖК депутаттары Алманбет Шыкмаматов жана Исхак Пирматов билдирген.
«Белизгейт» иши ачык каралуусу үчүн, анын үстүндөгү купуяны толугу менен алып салуу керектигин эл өкүлү Исхак Пирматов кошумчалап өткөн.
Бул боюнча документтердин бар экени же жок экенини эч ким далилдей албай жаткандыктарын ЖК депутаты Айсулуу Мамашова 19 сентябрда ЖКнын отурумунда айтып өткөн эле.