• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Бензин өчкөндө кызыл, светофорго токтосоң кызыл». Депутат желектин түсү жакпай турганын айтты

19 Бештин айы 202314:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун комитетте кароо учурунда депутат Жусупбек Коргонбай уулу желектин түсү боюнча өз пикирин ортого салды.

Анын айтымында, кызыл түс көбүнө жага бербейт.

«Башында эле туура эмес кылган экенсиңер, башка түстө кылсаңар болмок экен. Көк асаба же жашылбы… Кызыл түс — светофорго токтосоң деле кызыл, бензин түгөнгөндө да кызыл жанат. Бул негизи менин жеке оюм. Илгери Манас атабыздын желеги көк асаба деп ак илбирстин сүрөтүн коюп, желек желбирегенде ак илбирс баскандай болуп. Олуттуу, жакшы желек кабыл алган эмес экенсиңер»,-деди Коргонбай уулу туунун авторлоруна.

Количество просмотров: 181