• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Берлинде айдоочу топтошкон адамдарды сүзүп, 14 окуучу жараат алды

9 Кулжа 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Берлин шаарында унаа топтошкон адамдарды сүзгөндө бир мугалим каза болуп, 14 окуучу жараат алган. Окуучулар Берлинге Гессен аймагынан экскурсияга барышкан. Бул тууралуу «Би-Би-Си» кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июнда шаардын батыш бөлүгүндө жайгашкан Шарлоттенбург районундагы Ранкештрассе көчөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, күмүш түстүү Renault Clio автоунаасы тротуардагы адамдарды сүзүп, андан соң жол жээгиндеги дүкөндүн айнек текчелерине урунган.

Полиция көчөдөгү адамдарды сүзүп кеткен автоунааны Берлиндин 29 жаштагы тургуну башкарып баратканын билдирди. Айдоочу кармалып, учурда окуянын себептери териштирилүүдө.

Количество просмотров: 481