Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
АКШнын 35 жаштагы тургуну бетинин теңинен көбү кал болгон кыз төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер кыздын бетин жаап турган кара такты башында тери рагы деп ойлошкон. Бирок чыккан анализдердин негизинде сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучуларынын ичинен «түрү суук экен» деген комментарий калтырышса, айрымдары «өзгөчө» кызга суктанып, колдоо көрсөтүшкөн.
Жаңы төрөлгөн ымыркайга Луна деген ысым ыйгарылып, ата-энеси ал чоңойгондо кыйынчылыктар жаралбашы үчүн анын калын кетирүү жолдорун издеп жаткандыгы айтылган.