• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Беткап тагынбагандарга айыппул салына баштады

13 Бугу 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Азыркы күндө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн жалпысынан 298 500 сомдук айып салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Беткап тагынуу маанилүү экенин түшүнүү зарыл. Эгер вирус жугуп, бирок өзгөчө белгилерсиз өтүп жатса, көпчүлүккө чыгып, башкалар менен байланышта болууда оорунун өөрчүп кетүүсү мүмкүн. Жаңыдан иштеп баштаган өндүрүштөрдө кызматкерлер беткап тагынуу жана башка санитардык нормаларды аткаруу талаптары катуу коюлууда. Азыркы учурда айыппул салынган учурлар катталды. Тактай кетсем бүгүнкү күнгө чейин 203 протокол түзүлүп, 194 айып кагазы жазылды, алардын жалпы суммасы 298 500 сомго жетти», — деди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай бул маңыздагы иш-чаралардын баары калктын арасында коронавирус илдетин жайылтпоо максатында жүрүп жатат. Андыктан бул эрежелерди так сактоого чакырды.

Количество просмотров: 233