• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек: 4 айдын ичин жол эрежесин бузгандардан 47 млн 394 миң бюджетке өндүрүлдү

20 Бугу 2022 18:49 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматкерлери тарабынан 4 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 118 057 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 47 млн 394 миң 600 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

  • Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 722;
  • Мас абалында унаа башкаруу 987;
  • Авто ээнбаштык 15;
  • Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 324 ;
  • Коопсуз курун тагынбай унаа башкаруу 31 085;
  • Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 64 659;
  • Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 5818;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 13947;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8055 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 4 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан «102» линиясы боюнча 20 262 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Алардын ичинен:

  • Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 6012;
  • “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилгендер 425;
  • Тилемчилик 119.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

Количество просмотров: 188