• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкентте «полицияга баш ийбеген» саясат таануучуга айып салынды

19 Чын куран 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

«Майда бейбаштык» жана «полиция кызматкерлерине баш ийбөө» айыбы менен кармалган көз карандысыз саясат таануучу Камолиддин Раббимов 18-апрель күнү кечинде  бошотулганы белгилүү болду. Ал бул маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу тастыктады.

Раббимов 17-апрелде Ташкенттин «Чорсу» базарында жүргүзүлгөн рейдге «кийлигишкени катачылык болгонун» жазды. Ал айып пулга жыгылганын ырастап, соцтармактардын колдонуучуларын бул ишти саясатташтырбоого чакырды.

Өзбекстан ИИМи 17-апрелде Ташкенттин Чакар маалесинде өткөн санитардык-профилактикалык иш-чара учурунда Камолиддин Раббимов «кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишип, алардын ишине тоскоолдук жаратып, мыйзамдуу талаптарын аткарбаганын» билдирген.

Ага «Майда бейбаштык», «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» жана «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча административдик иш козголгон. Документтер соттук териштирүү үчүн Шайхантахур райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Камолиддин Раббимов 2007-жылдан бери Францияда жашап, ошол жактан башпаанек алган. Бир нече ай мурун ал Өзбекстанга кайтып келген.

Количество просмотров: 66