• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Республикалык штаб: Мектептерде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси алынып салынды

3 Жалган куран 202221:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мектептеринде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси алынып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу мындан ары милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Мындай чечимди бүгүн, 3-мартта COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабыл алган.

Белгиленгендей, чечим коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Ошону менен бирге колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.

Количество просмотров: 243