• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Беткап тагынуу эрежесин сактоо сунушталды. 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

4 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

АЛАМҮДҮН СУУСУНАН ЖИГИТТИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы «Кой-Таш» эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ
Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен райондун Атай айылын аралап, эл арасында түшүндүрү иштерин жүргүзүүдө.
«Айрым тургундарга жеринде юридикалык кеңештер берилди. Ошондой эле, мал уурулуктарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен катар аптаптуу аба ырайында жаш өспүрүмдөрдү кооптуу аймактарда сууга түшүүдөн алыс болуп, коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертишти», — деп айтылат билдирүүд

БЕТКАП ТАГЫНУУ СУНУШТАЛДЫ
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Штабдын жыйынынын жүрүшүндө республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, азыркы тапта инфекцияны жугузуу учурларынын санынын кыскаруусу байкалууда. Ошону менен бирге ведомство жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт.
Байсалов калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 197