Бишкекте Манас проспектиси менен Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап кетип каза болду. Бул тууралуу «тез жардам» кызматы билдирди.
Кырсык болгондон кийин «тез жардам» окуя болгон жерге барган. “Каза болгон адам курулушта бийиктиктен кулаган. Анын жарааты оор болгон үчүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду”, — дешти «тез жардам» кызматынан.