• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бийликчил эки партия шайлоонун тамтыгын чыгарабы?

21 Аяк оона 202010:39 Бишкек Govori.TV

20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Ош облусуна караштуу Араван айылында 100 чакты адам шайлоого карата үгүт иштерине чогулушкан. Саясий партиянын талапкери уюштурган чогулушка келгендердин арасында уруш чыккан. Анда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшүп, 5 унаа талкаланган. Бул окуя коомчулуктун катуу талкуусуна алынып, сын кептерди айтышып, күнөөлүүлөр өз жазасын алуусу керектигин айтышууда.

https://www.facebook.com/kanat.hasanov.7/posts/1038560543261557
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3592273427501753&set=a.826086300787160&type=3&theater
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2771162136495430&id=100008050125039
https://www.facebook.com/kanat.hasanov.7/posts/1038317023285909
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2779656328973412&id=100007872164250
https://www.facebook.com/burul.usmanalieva/posts/10157808387866680

Болгон окуя боюнча эки партия тең жооп таратты.

Коомучулукта тарап жаткан маалыматтар боюнча жооп тараткан «Мекеним Кыргызстан» партиясы айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады дешкен.

«Социалдык тармактарда «атайын чагымчылдык топ» баштаган «Мекеним Кыргызстан» партиянын атынан маалымат тараткан фейктер пайда болду», — деп жазган партия.

Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды.

Ошол учурда эки партия тең чагымчыл аракет кылгандары так аташкан эмес.

Бул арада премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Количество просмотров: 229