• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бийликти күч менен басып алууга шектелип кимдер кармалды? УКМК үн катты

6 Кулжа 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК кабарлагандай, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт койулду. Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.

«Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 598