Бишкек шаардык соту бүгүн, 26-апрелде “бийликти басып алууга чакыруу” айыбы менен кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) үй камагына чыгарды.
Буга чейин Башкы прокуратура Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карай турганын Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев билдирген.
Белгилей кетсек, Тилекмат Кудайберген уулу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып кармалган. Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталып жаткан.