• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бийликти сындаган блогердин апасы тергөө абагынан түрмөгө которулду

12 Бугу 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

Германияда жашаган тажикстандык блогер Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонова жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Нурек шаарындагы аялдар абагына которулду. Бул тууралуу «Озоди» радиосу блогердин өзүнө шилтеме кылып кабарлады.

7-апрелде Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Мамажонованы алты жылга эркинен ажыраткан. Ал Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» тобуна жана «Ислам кайра жаралуу» партиясына интернетте колдоо көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган. Адвокат сот өкүмүнө макул эмес экенин билдиргени менен Мамажонова кассациялык арыз жазуудан баш тарткан.

Тажик бийлигин сындап жүргөн блогердин апасы быйыл 3-февралда Вахдат шаарында кармалып, ошондон бери тергөө абагында камакта отурган.

Мамажонованын «Абдурахмон 09» деген лакап ат менен таанымал уулу Шерзод Мамажонов Германияда жашайт. Ал тажик өкмөтүнүн мусулман жамааттарынын укуктарын чектеген саясатын сындап келет.

Буга чейин Шерзод тажик милициясы апасын бир нече жолу суракка чакырып, уулун Тажикстанга кайтып келүүгө көндүрүүнү талап кылганын айткан.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык лидер Эмомали Рахмонду «оппонеттерине жана сынчыл көз караштагы адамдарга кысым көрсөтүү үчүн күч органдарын жана бийликтин башка бутактарын колдонду» деп айыптап келишет.

Количество просмотров: 3907