• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бийликтин кысымы татуировка жасоочуларды өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды

18 Кулжа 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Түркмөнстанда татуировка жасоочуларды өлкөдөн чыгып кетүүгө же көмүскө иштөөгө аргасыз кылган бийликтин кысымы 2015-жылы эле башталган. Бул тууралуу аты-жөнүн айткысы келбеген белгилүү ашхабаддык тату чебери билдирди.

Анын айтымында, алгач 2015-жылы бийлик өкүлдөрү ага айыппул салып, мындан ары эч кимге татуировка түшүрбөө тууралуу тилкат жаздырып алышкан.

«Алар менин буга чейин канча татуировка жасаганымды сурап, канча акча иштеп тапканыма кызыгышты. 1700-1800 долларлык шаймандарымды алып кетишкен. Мындан тышкары 1000 манат айыппул жазып, мындан кийин татуировка жасабашым керектигин эскертишкен», — деди ал.

Бул окуядан көп өтпөй Түркмөнстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон тату чебери учурда чет өлкөдө жашайт.

Түркмөнстанда татуировка жасоочуларды аныктап, аларды куугунтуктоо учурлары быйыл жазында күчөгөн. Анда укук коргоо органдары денесине боек менен сүрөт тарттырган кишилерди кармап, аларга кызмат көрсөткөндөрдүн аты-жөнүн сурап жатканы кабарланган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы мындай көрүнүштөр тууралуу макала жарыялагандан кийин түркмөн басылмалары татуировканын зыян экендиги жөнүндө жаза башташкан.

Учурда Ашхабадда татуировка жасатуунун баасы 200 манаттан 9 миң манатка чейин жетет. Расмий курска ылайык, өлкөдө бир доллар 3,5 манатка барабар.

Количество просмотров: 35