• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Билайндын» директорунан жана кызматкерлеринен COVID-19 чыкты

15 Кулжа 2020 11:15 Бишкек Govori.TV

Beeline соода маркасына ээлик кылган Sky Мobile компаниясынын директору Евгений Кражандан жана ишкананын бир нече кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн ырасташты.

Маалыматка караганда, коронавирус жуктурган кызматкерлердин абалы канаттандырарлык. Байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган.

Белгилей кетсек, өлкөдө СOVID-19га чалдыккандардын саны 2372 адамга жетти.

Количество просмотров: 42