Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери А.Э. жана К.С. пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, аталган чек ара кызматынын аскер кызматкерлери ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына КРнын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, республиканын аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.
Чет мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын аймагындагы ири суммадагы акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. менен ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык алуу үчүн, бул ишке айрым чек арачыларды тартуу менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууну көздөгөндүгү аныкталган.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда алардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.