• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Билим берүү менен Айыл чарба министрлери жыйында англисче суудай сүйлөштү (видео)

10 Бештин айы 202016:02 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан — Пакистан бизнес-форумунда англис тилинде сүйлөштү.

Тилек Токтогазиев презентация жасап жаткандагы видеосун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Ал Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жетишкендиктери жана алдыдагы пландары боюнча айтып берген.

“Бүгүн кыргыз-пакистан бизнес-форумуна катышып жатам. Жыйында республиканын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жетишкендиктери жана алдыдагы аткарыла турчу пландары боюнча ой бөлүштүм“,- деп жазды Токтогазиев.

Алмаз Бейшеналиевдин видеосу Билим берүү жана илим министрлигинин Facebook баракчасына жарыяланды.

Количество просмотров: 1896