• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Билим берүү министри: 1200дөн ашуун видеосабактар тартылды

30 Чын куран 2020 12:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө 1200дөн ашуун видеосабактар тартылды, — деп билдирди өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Министрдин айтымында, мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып аралыктан жүрүп жаткандыгын эске салды. Ал эми жогорку жана орто окуу жайларда бул процесс 16-марттан бери ишке ашып жатат.

«1200дөн ашуун видеосабактарды тарттык. Негизинен төрт багытта иштеп жатабыз. Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана башка 10го жакын телеканалардан кетип жатат. Күн сайын 15-20 мүнөткө чейин созулган 14-15 сабак көрсөтүлүүдө», — деп билдирди министр.

Количество просмотров: 72