• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болду

14 Бирдин айы 2022 19:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 14-февралда, мамлекет башчысынын Жарлыгын окуп, КР билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевди тааныштырды.

Ведомствонун жаңы жетекчисин тааныштырып жатып, Акылбек Жапаров жаңы дайындалган башчы билим берүү жана илим тармагын жакшы билерин белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Бейшеналиевдин алдына билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоого, билим берүү системасынын бардык баскычтарында натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн мезгилдин талаптарын эске алуу менен маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү киргизүү, учурдагы билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи.

Акылбек Жапаров Алмазбек Бейшеналиевдин өзүнө жүктөлгөн жаңы милдеттерди ишке ашыруу үчүн билими жана тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи.

Количество просмотров: 395