• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Билим берүү министри Кендирбаевага эскертүү берилип, орун басары иштен алынды

21 Бирдин айы 202514:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-февралда өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага катуу эскертүү берди.

Ал эми министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге сөгүш, дагы бир орун басары Лира Самыкбаевага катуу сөгүш берилсе, министрдин дагы бир орун басары Расул Абазбек уулу кызматынан бошотулду. Буга жеке жогорку медициналык окуу жайларга көзөмөлсүз лицензияларды берүү, аккредитациялоо процессин көзөмөлсүз калтыруу, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын аткарбоо жана уруксатсыз чет өлкөгө чыгуулар, министрликтин иш планынын начар аткарылышы себеп болгон.

Мындан сырткары министрликтин бир нече кызматкерлерине катуу сөгүш берилип, айрымдарын кызматтан алуу сунушталды.

Количество просмотров: 314