• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Билим берүү министри латын алфавитине өтүү тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берди

16 Аяк оона 2019 10:32 Бишкек Govori.TV

Кызматка жаңы дайындалган Билим берүү жана тлтм министри Каныбек Исаков Ала-Тоо 24 каналына маек берип жатып алып баруучунун акыркы учурда талкууга алынып жаткан латын алфавитине өтүү тууралуу пикирин толуктап түшүндүрүп берди.

Азыр коомдо түрдүү пикирлер жаралып кетти. Мага окумуштуу катары парламентте ошондой суроо берилгенде, мунун келечеги жөнүндө, кырдаалдар жөнүндө мен ой бөлүштүм. Анын ичинен жулуп алып эле башка өңүттө жүрүп кетти окшойт. Азыр биз кириллицада жашап жатабыз, биздин коңшу өлкөлөрдө латынга өткөндөрү бар. Бирок мунун баары айланып келип канча жылдан бери колдонуп келген китептерибизди латын алфавитине өткөрүү үчүн, азыр да ошондой даярдык процесстери жүрүү үчүн өтө чоң акча каражаттары керек болот. Ага биздин элибиз даяр эмес деп ойлойм. Ошон үчүн азырынча ушул алфавитти, ошол мүмкүн болушунча өзүбүздүн тилибиздин деңгээлин көрсөтүп турган, бүгүн балдарыбыз билим алган. Бүтүндөй бир графиктен экинчиге өтүп жаткан мезгилде эл туташ сабатсыз сыяктуу көрүнүштөр пайда болот. Ошон үчүн биз буга өтө этият барышыбыз керек деп ойлойм. Бул бир топ даярдыкты талап кылган процесс, — деди Иманалиев.

Эске салсак, 11-сентябрда, Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министри кызматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырган.

Анда депутат Алтынбек Сулайманов «Латын алфавитине өтсөк кандай болот? Сиздин пикириңиз кандай?», — деген суроо узаткан.

Өз кезегинде Исаков латын алфавитине өтүү боюнча чоң талкуулар болуп жатканын, өзгөчө түрк тилдүү элдерди бири-бирине жакындатуу боюнча аракеттер бар экенин белгилеп, “Эгерде мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, латын алфавитине өтүүнү колдойм”, — деп жооп берген.

Количество просмотров: 81