• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Билим берүү министри мугалим менен окуучунун чыры боюнча үн катты

26 Бугу 2022 13:18 Бишкек Govori.TV

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев Сузакта сабалган кыздын окуясы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.

«Мугалимдин кылганы туура эмес, канчалык туура эмес болгон учурда да балага кол көтөрбөш керек, баланын психологиясы бузулат. Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатат. Бул тарбиянын баш оту менен берилбегендигинен келип чыгып жатат. Тарбияга биринчи жоопту болгон — бул билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Экинчиден, тарбияны калыптандырган формага салган — бул билим берүү тармагы: мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды, буюрса, кароого киргизебиз. Эгерде биз үй-бүлөдөн баштап жакшы тарбия бергенибизде мындай маселелер болбош керек эле. Ал жерде конкректтүү факт болуп жатпайбы — мугалимге кличка коюп жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге кличка коюусу — тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси жана мектеп администрациясы менен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечиш керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөш керек», — деп билдирген Бейшеналиев.

Эске салсак, социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тараган. Ал Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими экени белгилүү болду. Окуя 23-майда болгон. Буга байланыштуу Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөнү кабарланды.

Количество просмотров: 1985