• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Билим берүү министрлиги УКМКнын маалыматы боюнча үн катты

7 Теке 2022 13:18 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жогорку окуу жайларга абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда мыйзам бузуулар аныкталгандыгы тууралуу маалыматына байланыштуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген. 

«Бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайларына каттоо жана кабыл алууда болгон. Андыктан бул мыйзам бузуулар быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экенин, 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин белгилей кетүү керек»,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары менен мамлекеттик жогорку окуу жайлардын биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү 50 абитуриентти бюджеттик орунга киргизүүдө мыйзам бузушканын маалымдаган болчу.

Количество просмотров: 2939