• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Билим берүү жана илим министри жаңы орун басар дайындады

30 Аяк оона 2019 14:28 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Омуров Нурлан Кубатович дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Каныбек Исаков бүгүн билим берүү министрлигинин жамаатына орун басарын тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.

Нурлан Өмүровдун  өмүр баяны:

1971-жылы 19-февралда туулган.

Кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет.

Билими:

1988-1993-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Информатика жана колдонмо математика факультетин аяктаган;

Аспирантураны 1993-1996-жылдары Улуттук илимдер академиясынын математика институтунда аяктаган;

2008-2012-жылдары Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде докторантураны бүтүргөн.

Эмгек ишмердиги:

1997-2008-жылдары Нарын мамлекеттик университети, Жаңы технологиялар факультетинин деканы

2011-2012-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу академиясы Дистанттык институтунун директору

2013-2018-жылдарыКыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Дистанттык окутуу борборунун директору

2018-жыл, Март-Август. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун со-директору; 2018-жылдын сентябрь айынын ушул күнгө чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору.

Количество просмотров: 131