• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Билим берүү жана илим министрлиги жыйын уюштурду

19 Тогуздун айы 2018 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.10.2018. Govori.TV

Бүгүн, 19 октябрда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүүнүн сапаты жана анын стандарттары тууралуу жыйын өттү. Жыйында билим берүүдө негизги орунду ээлеген окуу китептери тууралуу талкуу болуп, ага тиешелүү өкүлдөр жана депутаттар катышты. Себеби, буга чейинки окуу китептери орунсуз каталарга жол бергендиктен, бул теманы талкуулоо зарылдыгы келип чыккан.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 5-6-класстын китебин чыгарган басмакананын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Анда “Билим-компьютер” басмаканасы «География» жана «Табият таануу» китептерин орус тилине которуудагы редакторлук жана корректорлук каталарды моюнга алып, түзөтүүлөрдү киргизип, кайрадан өз эсебинен басып чыгарарын айтканын кошумчалады. Мындан сырткары, министр китепке жоопкер болгон авторлорду дагы окутуу коомдун талабы экенин айтты. Ал китепти которууда профессионал адистердин эмгегин колдонушубуз керек деген пикирин билдирди.
Түзүлгөн келишимге ылайык, редакторлук жумуш боюнча толук жоопкерчиликти “Билим-компьютер” басмаканасы алууга тийиш болгон.

Эске салсак, 5-6-класстын жогоруда айтылган китептеринде каталар бар экени буга чейин чоң талкууга жем таштап, коомдун кыжырдануусун жараткан болчу.

Количество просмотров: 29