Бир апта ичинде унааны мас абалында башкарган 93 айдоочу аныкталды
21 Бирдин айы 202210:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаарынын аймагында 11нен 17-февралга чейинки аралыкта кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 787 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:
мас абалында автоунаа башкаруу — 93; терезелерин караңгылатуу — 11; автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11; айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 52; техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу — 100; автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу — 10; жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 173; башка жол эрежелерин бузуулар — 5 448. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 598 автоунаа айып короосуна киргизилди.
Подписаться:
Количество просмотров: 87