• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бир жумада 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

31 Теке 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылы 24-июлдан 30-июлга чейин Кыргызстандын аймагында 20 миң 327 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 229;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 248;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 548;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 162;
  • авто ээнбаштык – 7;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 710;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 366;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 350 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 56