• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир аптада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

9 Тогуздун айы 2023 10:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-октябрдан 8-октябрга чейин 18 миң 787 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-200;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -221;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-31;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-926;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2549;
-Авто ээнбаштык — 4;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4572;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –700;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1398 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 49