• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өткөн жумада 23 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

9 Кулжа 202511:34 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында 2025-жылдын 2-июндан 8-июнга чейин 22 миң 981 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 709;
  • мас абалында унаа башкаруу – 233;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 116;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 496;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 983;
  • авто ээнбаштык – 7;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 251;
  • жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 529;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2651 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 107