• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир сутка ичинде 42 мас айдоочу кармалды

15 Үчтүн айы 2024 10:22 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген ротасы тарабынан бир сутканын ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 119 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

мас абалында унаа башкарган 42 айдоочу кармалган;
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 7;
башка жол эрежелерин бузуу — 70.

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчун 50 автоунаа убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББнын атайын адистештирилген ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды улантат.

Количество просмотров: 38