• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир жумада 14 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды 

18 Бештин айы 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 11нен 17-декабрга чейинки аралыкта 13 миң 967 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде мас абалында унаа башкарган 230 учур катталган.

Андан тышкары:

тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 195;
автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 35;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 980;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 428;
авто ээнбаштык — 19;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 138;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 939.
ЖКККББдан ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 358 автоунаа убактылуу айып короосуна киргизилгендигин кошумчалашты.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 53