• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бир Болдо» Бакиевдин кызы иштейт деген маалымат коомчулуктун төбө чачын тик тургузду

5 Баш оона 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

Күздө өтчү шайлоого карата саясий кеңешинин курамын өзгөрткөн «Бир Бол» партиясынын айланасында талкуу жаралууда. Социалдык тармактарда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбектин партиянын штабында иштеп, каржылоого катышып жатканы тууралуу маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Буга байланыштуу “Бир Бол” саясий партиясы үн катып, Сымбат Маратбек жетектөөчү кызматты ээлебегенин жана партияны каржылоо саясатына эч кандай тиешеси жок экенин кабарлады.

“Ал штабдагы катардагы кызматкер. Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынын штабына маектешүүнүн негизинде катардагы кызматкер катары кабыл алынган. Кызматкерди кабыл алып жатканда партия алардын ата-тегине, жерине, улутуна маани бербейт, биринчи кезекте адамдык сапаттарына, билимине, тажрыйбасына басым жасалат. Сымбат Маратбек Германиядагы Лейпциг университетин аяктаган. Эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. МГИМодо эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн. Көптөгөн эл аралык премияларга татыган. Ошондой эле изилдөөлөр менен алектенет. 5 тилде эркин сүйлөйт. Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар биздин атаандаштардын партиянын беделин түшүрүү аракети деп эсептейбиз. Сымбат Маратбек тууралуу маалымат “Twitter” социалдык баракчасындагы “фейк аккаунт” аркылуу жарыяланып, каралоо кампаниясынын башталганы саясатка жаңы күчтөрдүн келүүсүнө каршы иш жүрүп жатканын далилдеп турат. Учурда эл, анын ичинде шайлоого аттанып жаткан ар бир партия, талапкерлер мамлекеттен шайлоонун таза өтүүсүн талап кылып келебиз. Биз бардык саясий күчтөрдү шайлоонун таза өтүшүн өзүбүздөн баштоого чакырабыз. Оппоненттерди каралоодо моралдык, этикалык эрежеден чыкпайлы. Күнөөсү жок балдарды саясаттын ыплас оюндарынын курмандыгы кылбайлы», – деп айтылат партиянын расмий маалыматында.

Ал эми аталган партиянын лидери Алтынбек Сулайманов Сымбат чынында эле мурдагы президенттин инисинин кызы экенин «Азаттыкка» берген маегинде ырастап, Сымбат Маратбектин партиядан депутаттыкка талапкер эместигин айткан.

«Бизде штабда иштеп жатат. Эч кандай талапкер эмес же чечүүчү ролду ойнобойт. Ал партиянын катарындагы билимдүү, сырттан окуп келген, коомдо өз ордун тапкан жүздөгөн-миңдеген жаштардын катарын толуктайт. Мына ушул нерсени ар түрдүү каршылаштарбы же башка адамдарбы, иши кылып тескери өңүттө берип, «кара пиар» жүргүзүп жатат. Ар бирибизде бала бар. Балдары ата-энеси үчүн жооп бербеши керек. Анын үстүнө ал Германияда элчи болуп жүргөн Марат Бакиевдин кызы экен. Ал 2010-жылдары мектепте окуучу экен, ошол учурдагы системага же мыйзам бузууга эч кандай тиешеси болгон эмес деп ойлойбуз»,-деген Сулайманов.

Количество просмотров: 220