Борбордук шайлоо комиссиясы №4 Көк-Жар округунан Махабат Мавлянованын, №29 Свердлов округунан Жылдызбек Исакуловдун, №24 Сокулук округунан Акыл Курманалиевдин жана №19 Токтогул округунан Тынчтыкбек Абылдаевдин шайлоого катышуу ниетинен баш тартканы тууралуу арызын канааттандырды. Мындай чечим БШКнын 17-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Ошондой эле «Адилет» жана «Кыргызстан дыйкандар-фермерлер» саясий партияларынын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу өтүнүчү кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 18-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан ат салышуу ниетин билдиргендердин саны 377 адам болду. Алардын ичинен 51и талапкер болуп катталды. Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт.