Бүгүн 2-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов УКМКга сурак берүүгө чакыртылды. Депутат “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүнүн алкагында суралып жатат.
Төрөкулов бүгүн саат 14:00гө келген, ушул убакытка чейин суракта.
Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.
Эске салсак, социалдык тармактарда Дүйшөн Төрөкулов менен Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган.