“Бир Дүйнө – Кыргызстан” Укук коргоо кыймылы” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктары менен эркиндиктери системалуу түрдө бузулуп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге ачык кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда укук коргоочулар ар кандай деңгээлдеги жана өлкөнүн негизги мыйзамын бузуу менен системалуу түрдө антиконституциялык ченемдик укуктук актыларды демилгелеп жаткан кызмат адамдарына чара көрүүнү суранышат.