• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө». Ташиев Бажы кызматынын ишин сынга алды

24 Жалган куран 2022 12:08 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн антикризистик планы талкууланган жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын белгилеп, Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскертти.

“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат”, — деди Ташиев.

24-февралда башталган Украинадыгы кырдаалдан улам Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кеткен.

КР экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планын көрсөттү.

Анын айтымында, планда дыйкан жана фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөктөшүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.

Количество просмотров: 597