• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эс алуу күндөрү Бишкекте азык-түлүк жармаңкеси өтөт

25 Тогуздун айы 202414:26 Бишкек Govori.TV


26-27-октябрда Бишкектин борборунда социалдык маанидеги азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын жармаңкеси өтөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жармаңкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөржай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жармаңкеге айыл чарба продукциясын сатууну каалаган жеке ишкерлер чакырылат. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык дыйкандарынын продукциясын сатууга шарт түзөт.

Жармаңке Түгөлбай ата көчөсүнүн боюнда, Эркиндик гүлбагынан тартып темир жол вокзалына чейин созулмакчы.

Количество просмотров: 174