• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бир күндө 127 кылмыш жана 103 жорук катталды

16 Жетинин айы 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 15-ноябрдан 16-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127 кылмыш, 103 жорук каттоого алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республика боюнча Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

«Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ өлкө аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 55