Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны «Манас» эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Стамбул каттамы менен уча турган жаран паспорттук көзөмөлгө келгенде 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын документин көрсөткөн. Текшерүү учурунда аталган жаранга документ таандык эмес болуп чыккан.
Сурак учурунда 34 жаштагы М.Г. аттуу келин Түркияга башка бирөөнүн жарандык паспорту менен кетип жатканын моюнга алган. Тийиштүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.