• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир нече адам кылмыштуу идеядан баш тартты. Арасында депутаттын атасы бар

27 Жетинин айы 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 2023-жылдын 23-сентябрында ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган 1980-жылы туулган Малабаев Гүлжигит Карабаевич кармалды. Ал 2019-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган.

Бүгүнкү күндө Г.Малабаев Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы №25-мекемеде (ТКЖ 5) кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2023-жылдын октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:

— 1964-жылы туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Лейлек районунун Тогузбулак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү;

— 1967-жылы туулган Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери «К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун ИИБнын ыкчам каттоосунда турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү;

— 1973-жылы туулган Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, туулуп-өскөн жана улуту, үй-бүлөсү кыргыз, 2015-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү;

— 1983-жылы туулган Саидбаев Ильяз Мамединович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү.

Кошумчалай кетсек, жогоруда аты аталгандардын ичинен Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы экени айтылууда.

УКМК кылмыштуу топтордун жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери, анын ичинде ишкердик субъекттеринин жана инвесторлордун ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактылары болсо, жарандарды, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн билдирүүнү өтүнөт.

Количество просмотров: 142