• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бир нече бейөкмөт уюмдар Жапаровго кайрылышты

29 Теке 2022 11:48 Бишкек Govori.TV

38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошту.

Алар аялдар менен кыздар Министрлер кабинетинин ишинде акыркы орунда калганын белгилешип, акыркы эки жылда өлкө гендердик саясатсыз жашап жатканын, себеби гендердик теңчилик боюнча Улуттук стратегия менен аны ишке ашырууну караган план бекитилбей жатканын белгилешкен.

Кайрылууда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча 500 кызматкерди ишке киргизүүнү убада кылса, дагы ал ушул күнгө чейин ишке аша электиги айтылган.

Жогоруда аталган министрлик балдар менен аялдарды коргоо боюнча иштер таптакыр жасалган жок деген позицияга макул эмес. Мекеме тараткан маалыматта акыркы жылдарда биринчи жолу аймактарда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер уюштурулганы айтылат. Анын курамына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, активисттер кирген.

Мындан тышкары өлкө боюнча балдар менен иштөөчү 697 милиция кызматкери жумушта экени айтылган. Мэрия менен акимиаттарда балдар боюнча комиссиялар жумуш жүргүзөрү белгиленет.

Жыл башынан бери министрлик тарабынан 105 миң үй-бүлө кыдырылып, жардамга муктаж үч миңдей балдар аныкталган. Алардын 85 пайызына жардам берилген, калгандары да көзөмөлгө алынды. Ошондон улам фостердик үй-бүлөлөрдүн саны дагы 25 пайызга көбөйтүлгөн. Азыркы тапта министрлик балдарды коргоо боюнча беш жылдык программа даярдап жатат.

Министрлик бейөкмөт уюмдардын өлкө боюнча бир гана кризистик борбор иштейт деген аныктамасына макул эместигин айтып, андай борборлор көптүгүн, аларга акыркы төрт жылда бюджеттен 10,4 млн. сом бөлүнгөнүн мисалга тарткан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 254