• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бир нече күндөн бери АКШда толкундоолор токтой элек

2 Кулжа 20209:53 Бишкек Govori.TV

АКШда ынды кара Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин расалык теңсиздикке каршы толкундоолор алтынчы түнү уланды.

Өлкөнүн кырктан ашуун шаарларына коменданттык саат киргизилгенине карабай, нааразылык акциялары түндө да уланды. Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия, Лос-Анджелес шаарларында демонстранттар менен полиция кагылышканы кабарланды. Чогулгандарды кууп таркатуу үчүн полиция жаш агызчу газ жана желим окторду пайдаланууда. Айрым шаарларда дүкөндөр тонолуп, полициянын автоунаалары өрттөлдү.

1-июнда АКШнын Улуттук гвардиясынын беш миңге жакын аскери Вашингтондо жана дагы 15 штатта коомдук тартипти камсыз кылууга тартылганы маалымдады.

31-майда Вашингтондо чогулгандар Акүйдүн жанына келип, от жагышты. Полиция тарапка таш, желим бөтөлкөлөр, кыш жана башка нерселер менен аткылаганы кабарланды.

Жума күнү президент Дональд Трамп жубайы жана уулу менен коопсуздук максатында Акүйдүн алдындагы бункерге жайгаштырылган.

1-июнда президент Трамп «Антифа» («Антифашисттик аракет») кыймылын террордук топтордун тизмесине кошорун эскертти. Улуттук гвардияга баш-аламандыкты токтотууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Маалымат каражаттарын «жек көрүүнү жана анархияны күчөтүү үчүн баарын жасап жатышат» деп айыптады.

Демонстранттар Жорж Флойддун өлүмү үчүн төрт полиция кызматкерин жоопко тартууну талап кылышууда.
Жасалма акча үчүн айыпталган 46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда полиция тарабынан кармалгандан кийин, ооруканада каза тапкан. Анын кармалган учуру тартылган видео интернетке тараган. Анда полициячы Дерек Шовин Флойддун мойнун тизеси менен басып турганы, Жорж дем ала албай жатканын айтып жатканы тартылган.
Флойдду кармоого катышкан төрт полициячы иликтөөнүн аягына чейин кызматынан четтетилген. Дерек Шовин камакка алынган.

Количество просмотров: 164