• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир нече ЖМКнын журналисттерин ИИМге алып кетишти (сүрөт)

16 Үчтүн айы 2024 11:06 Бишкек Govori.TV

Үйлөрү тинтүүгө алынгандан кийин бир нече журналист ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров билдирди.

Анын айтымында, Темиров Live жана «Айт Айт Десе» командасынын мүчөлөрү Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбеков, Актилек Капаровдун үйлөрүндө тинтүү жүрүп, учурда алардын айрымдары ИИМге жеткирилген.

Актилек Капаров
Сапар Акунбеков
Азамат Ишенбеков
Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы)

Кийинчерээк Жоодар Бузумов, Айке Бейшекеева жана «Арча Медиа» кызматкери Сайпидин Султаналиевдин кармалганы белгилүү болгон.

Сайпидин Султаналиев
Жоодар Бузумов

Ошондой эле, «Политклиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйү тинтүүгө алынган. 

Тыныстан Асыпбек

Маалымат боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми ИИМ азырынчы рамий маалымат тарата элек.

Количество просмотров: 72