• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир партия…Эки тагдыр…Эрегишкен саясат…

31 Тогуздун айы 2018 20:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018.Govori.TV
Учурда Кыргызстандагы саясат жана саясый абал тууралуу олуттуу кеп кылууну каалагандар жүдөп кетсе керек. Анткени, бизде бардыгы баланын оюнундай жүрөт. Кааласа Конституцияны жоготуп алышат, кааласа «жаандан кийинки козу карындай жайнаган» партия түзүшөт, кааласа шоопурун, кааласа күйөө баласын кызматка коюшат, бирок эч ким жоопкерчилик тартпайт.
Анткени,мамлекет алдындагы милдет менен жоопкерчиликти так түшүнгөндөр аз.
Кызыгы, КСДП партиясынын айланасындагы окуялар керек болсо Президентти деле интригага аларлаштырып, «ириген» саясатты жүргүзө берүүгө боло турганын тастыктады. Акыркы күндөрү бир партиянын айланасындагы эки тагдыр, болгондо дагы экс-президент менен учурдагы президенттин айланасындагы обужок окуялар «огунан» чыгып кетти.
Тактап айтканда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын эң жакын санаалаштарынын бири камакта жаткан Икрамжан Илмияновго байланыштуу УКМКнын суроосуна КСДП партиясы «бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну» сунуш кылган.
УКМК дагы тез арада Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) билдирүүсүнө жооп кайтарып, Икрам Илмиянов тергөө менен кызматташып жаткандыгын билдирди.
КСДП жана анын адвокаты Сергей Слесарев муну «ушак жана атайын даярдалган чагым» катары баалашты. Эми бул окуяларга улай, кадимки Ирина Карамушкина ЖМКларга Атамбаевдин каршылаштары 2012-жылы жол кырсыгына байланыштуу анын айдоочусуна ачылган кылмыш иши боюнча саясаттан четтетүүнү каалап жатышканын айтып чыкты.
Буга кошумча КСДП партиясынын айрым мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголгону менен убакыт созулуп,бул коомчулукту алаксытуу жана аталган партияга сүр көрсөтүү аракеттери сыяктуу сезилип, мурдагы жана учурдагы президенттердин эрегиши дагы бир топ убакытка созула тургандыгын ачыктады.
Мындан ким утат? Албетте эл эмес. Ыргылжыӊ, аш-тойлордо кызыл лента кескен окуяларга катышкандан башка көзгө көрүнүктүү иши жок айыл чарба министри Нурбек Мурашев баш болуп, учурдагы кыйынчылык менен иштери жок Өкмөт «эртеӊ көчүп кетчүдөй» абалда турушат. КСДП эки жаат болуп, учурдагы Президент билмексенге салганы менен ортодо аларга кол жоолук болуп берген саясатчылар, чиновниктер эзилип бүттү.
Чын-чынында мамлекет жана мамлекеттүүлүк деген түшүнүктөрдун алкагынан алганда КСДПдан чыккан, эки тагдырдын ээси болгон эски жана жаӊы президенттин айланасындагы окуялар өтө кейиштүү. Тактап айтканда, тараптар өлкөнүн тагдыры жана жоопкерчилиги деген маселени өздөрүнүкү менен алмаштырып алгандыгынан, ачык чыкпаган эрегиш ансыз дагы ашмалтайы чыккан кыргыз саясатынын «боткосу» чыкканынан кабар берет.
Илмияновдун окуясы бул эрегиштин «ириӊин» жарганы менен олуттуу окуялар алдыда. Президенттик администрация КСДПнын Икрам Илмияновдун пара алуу фактысына Президенттин катышы бардыгын же жоктугун тастыктаган жок. «Корвалол-гейт» окуясында коомчулукка чагылгандай билдирүү таратып, чара көргөн президенттин айланасы КСДПнын олуттуу айыптоосуна ооз ача элек. Муну менен эл арасындагы шектенүү ого бетер күчөдү.
Айрыкча, «КСДП Атамбаевсиз» деген жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын артында учурдагы президенттин айланасы тургандыгы, Иса Өмүркулов сыяктуу саясатчылар бир жээктен экинчи жээкке өтө качкандыгы туурасындагы имиш-имиштердин аягы басылбай келүүдө. Ошентип КСДПдагы «ажыдаардын эки башынын эрегишүүсүн» элестеткен окуялар мамлекеттин тагдырын чечүүдө орду чоӊ партиянын майдаланып, эртеӊ элдин тагдырына жооп бере турган милдеттен тайып бара жатканындай таасир калтырат.
Кызыгы, бул учурда калган партиялар жана белдүү саясатчылар «ач кулактан тынч кулак» болуп, көрмөксөн, билмексен болуп кулак жапырып отурушкандыктары таӊ калыштуу. Мунун өзү кыргыз саясатына илээшкендердин жалтак, көз каранды экендигин гана ашкерелебесе эч кимге аброй алып келген жери жок. Мындай абал канчага созулат? Кеп ошондо…
Количество просмотров: 44