• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир партия шайлоого катышуудан баш тартты

27 Аяк оона 202111:03 Бишкек Govori.TV

Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алган.

Белгилей кетсек, партиялар 13-октябрга чейин талапкерлеринин тизмесин БШКга өткөрүп бериши керек.

Эске салсак, бардыгы болуп 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Количество просмотров: 264