Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу катары тааныштырылган Эрмек Нургазиев кайра кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент кол койгондугун аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.
Бул арада президент Жапров дагы жаңы мэр боюнча пикирин билдирди.
«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес»,-деп жазды Жапаров.
Маалыматты тактоо иретинде мэрия менен өкмөттүн басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын маалымдашты.
Белгилей кетсек, Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматыкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн.