• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Милиция камакка алынган Эрмек Нургазиевдин ишинин чоо-жайын айтып берди

22 Жалган куран 2022 11:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевдин келтирген зыяны алдын ала маалымат боюнча 7 миллион 845 миң 692 сомду түзөт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору Эрмек Нургазиев тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына камалды.

Нургазиев алдамчылыкка шек саналып 18-мартта кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын июль айынын башында ИИМге Нургазиевге байланыштуу жамааттык арыз түшкөн.

Ал турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жиберген. Натыйжада 68 миң 550 доллар материалдык чыгым келтирилген.

Учурда Нургазиевге үстүнөн дагы жети арыз келип түшкөн. Натыйжада келтирилген зыяндын жалпы сумасы 7 миллион 845 мин сомду түзгөн.

Чүй ОИИББден кошумчалашкандай, Эрмек Нургазиевдин аракетинен жабыр тарткан жарандар Чүй облусунун ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө — 0312430127 же 102 номуруна кайрыла алат.

2021-жылдын февраль айында президенттин колдоосу менен ишкер Эрмек Нургазиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бир күн өтпөй 10-февралда кызматтан алынган. Буга курулуш тармагында иштеген Нургазиевдин аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон.

Количество просмотров: 61